Эрдоган: «Жарандарыбыз Кара деңиз газынын пайдасын күнүмдүк жашоосунда көрө башташат»

Президент Эрдоган жеке менчик телеканалдардын биргелешкен түз эфиринде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

1979538
Эрдоган: «Жарандарыбыз Кара деңиз газынын пайдасын күнүмдүк жашоосунда көрө башташат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган жарандардын Кара деңиз газынын пайдасын күнүмдүк жашоосунда көрө баштаарын айтты.

Жеке менчик телеканалдардын биргелешкен түз эфиринде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берген президент Эрдоган, жарандарды экономикалык жактан жеңилдете турган жана сатып алуу күчүн арттыра турган чараларды буга чейин эле ишке ашыргандарын жана уланта тургандарын түшүндүрдү.

Жумушчудан мамлекеттик кызматкерге, пенсионерден үй кожойкесине чейин улуттун бардык катмарын колдоо үчүн программаларды түзгөндөрүн билдирген Эрдоган: «Кара деңиз газынын өлкөбүзгө бере турган пайдасын жарандарыбыз күнүмдүк жашоосунда көрө башташат»,-деди.

Эрдоган борбор шаар Анкарада Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын башкы кеңсесинин Жаштар бөлүмү тарабынан уюштурулган «Жаштар үчүн азыр дароо» программасында да сөз сүйлөп, Кара деңиз жаратылыш газы камсыздай турган булактар ​​менен жарандарга колдоолорун арттыра тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар