"TCG Anadolu" элге ачылат

Түркиянын эң чоң согуштук кемеси бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 13.00дөн кийин эл назарына коюлат.

1975722
"TCG Anadolu" элге ачылат

Дүйнөдөгү биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар конуучу кемеси «TCG Anadolu» Стамбулда эл менен жолугушуу үчүн Сарайбурну портуна токтоду.

Жээктеги жарандар ири кеменин Босфор кысыгындагы сапарын кызыгуу жана сыймыктануу менен көрүп, эстеликке фотосүрөткө түшүштү.

Түркиянын эң чоң согуштук кемеси бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 13.00дөн кийин эл назарына коюлат.

Узундугу 231 метр, туурасы 32 метр болгон TCG Anadolu палубасында 94 унааны көтөрө алат.

Учуу палубасына 10 тик учак же 11 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат, ангарына да 19 тик учак же 30 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат жайгаша алат.

1223 кызматкер иштеген кемеде толук кандуу оорукана жана 2 операциялык зал да бар.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар TCG Анадолунун Стамбулда эл назарына ачыла турганын айтты.

Акар кеменин андан соң Кара деңизге карай сүзө турганын билдирди.

Кеменин элге ачыла турганын эске салган Акар: «Түркиянын күчүн көрбөгөн, укпагандар көрүп, угат»,-деди.

Ири кеме бүгүн саат 13.00-18.00 арасында; 18-апрелден 23-апрелге чейин 10:00-18:00 арасында ачык болот.



Тектеш кабарлар