Түркия ТКТРнын билдирүүсүн колдойт

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматында орун алды.

1972269
Түркия ТКТРнын билдирүүсүн колдойт

«Америка Кошмо Штаттарынын кол салуучу суу астындагы кемесинин Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун  портуна казыгын түшүрүшү жана кипрдик румдардын куралдануу иш-аракеттерине» байланыштуу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) билдирүүсүн Түркия колдой турганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен көп жолу баса белгиленгендей, АКШнын Кипр аралында тең салмактуулукту бузууга карай жана Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун куралдануусун кубаттоо баасына таштаган кадамдарынын аймактын ырааттуулугуна жана Кипр маселесинин адилеттүү, туруктуу жана түбөлүккө чечилишине эч кандай салым кошпогону белгиленди.

Мындан тышкары, «АКШга таандык USS San Juan суу астынан жүрүүчү кемесинин Түштүк Кипр Рум Башкаруусунун портторунун бирине якорь коюусу жана Түштүк Кипр Рум Башкаруусунун куралдануу иш-аракеттери» жөнүндөгү Түндүк Кипр Түрк Республикасынын билдирүүсүнүн колдоого алынганын баса белгилеп, «АКШны бул саясаттарын кайра карап чыгууга чакырабыз жана өлкөбүз бардык шарттарда жана кепилдиктин жоопкерчилиги астында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарын жана кызыкчылыктарын чечкиндүү түрдө коргой турганын эскертебиз»,деген сөздөр камтылган.



Тектеш кабарлар