Франциянын Анкара элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Элчиге ПКК/ПЙД/ЙПГ жана Сирия Демократиялык Күчтөрүнүн Түркияга жана сириялыктарга карата кол салуулары, аймактагы жикчил жана туруктуулукту бузуучу аракеттери дагы бир жолу эскертилди.

1965841
Франциянын Анкара элчиси  Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Франциянын Анкара элчиси Эрве Магро кечээ Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда  элчиге ПКК террордук уюмдун Сириядагы уландысы  ЙПГ жана анын аялдар тобу ЙПЖнын мүчөлөрүнүн Франция сенатында кабыл алынышын жана «ардак медалы менен сыйланышынын» кабыл алынбагандыгы жана мунун катуу айыпталгандыгы билдирилди.

Элчиге ПКК/ПЙД/ЙПГ жана Сирия Демократиялык Күчтөрүнүн Түркияга жана сириялыктарга карата кол салуулары, аймактагы жикчил жана туруктуулукту бузуучу аракеттери дагы бир жолу эскертилди.

Ошондой эле француз мекемелеринен террор менен күрөшүүнүн негизинде күтүүлөр кайталанып, ушунун алкагында Франциянын ПККнын Сириядагы  уландыларына эл аралык мыйзамдуулукту берүү аракеттерине баа бербөө; Түркиянын чек араларынын жана түрк калкынын коопсуздугу менен Сириянын биримдиги жана жеринин бүтүндүгүнүн сакталышына колдоо көрсөтүү,  союздаштык рухуна ылайык тилектештик көрсөтүү талап кылынгандыгы  белгиленди.

Ошол эле учурда бул тууралуу Түркиянын Париж элчилиги  да тийиштүү француз мекемелеринин көзөмөлүндө аракет кылып, Түркиянын каршылыгы күчтүү түрдө билдирилди.



Тектеш кабарлар