ТРТ Авазда Нооруз майрамы тууралуу атайын көрсөтүү

Эфирде түрк дүйнөсүнүн Түркияга болгон колдоосу да сөз болот.

1962598
ТРТ Авазда Нооруз майрамы тууралуу атайын көрсөтүү

Нооруз майрамы жана ТРТ Аваздын 14 жылдыгына карата ТРТ Аваз каналында атайын берүү көрсөтүлөт.Түркия телерадио мекемеси ТРТдан берилген маалыматка караганда түрк дүйнөсүндөгү биримдиктин, боордоштуктун жана бири бирине жардамдашуу сызими баса белгилене турган «Нооруз 2023 түрк дүйнөсү бир жүрөк» атайын программасыбүгүн саат 11:00дөн тарта түз эфирден жарыяланат.

Эфирде түрк дүйнөсүнүн Түркияга болгон колдоосу да сөз болот.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түндүк Македония жана Керкүктөн боло турган түз байланыштарга кошумча даярдалган атайын материалдар менен жер титирөө аймагындагы түрк дүйнөсүнүн тилектештиги ортого салынып, Нооруз куттуктоолору бөлүшүлөт.



Тектеш кабарлар