Эрдоган бор карбидинин биринчи ишканасынын ачылышын жасады

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Эскишехирде табылган 694 миллион тонна сейрек кездешүүчү элементтердин запастарын жылына 1200 тонна руда иштете турган ишкана менен кирешеге айландыра тургандарын айтты.

1961872
Эрдоган бор карбидинин биринчи ишканасынын ачылышын жасады

Түркиянын биринчи бор карбид өндүрүшү Балыкесирдин Бандрма районунда президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда азем менен ачылды.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Эскишехирде табылган 694 миллион тонна сейрек кездешүүчү элементтердин запастарын жылына 1200 тонна руда иштете турган ишкана менен кирешеге айландыра тургандарын айтты.

Түркиянын бардык баалуулуктарын чийки заттан баштап акыркы өнүмгө чейин жайылган система менен мобилизациялоого чечкиндүү экендиктерин баса белгилеген Эрдоган:«(Бандырма бор карбид заводу) Бул жерден алган тажрыйбабыз менен Күтахиянын Эмет районунда 5 миң тонна өндүрүштүк кубаттуулугу бар жаңы бор карбид заводун курабыз»,-деп айтты.

Эрдоган Түркияны транспорту, соодасы жана өндүрүшү менен жаратылыш газ борборуна айландыруу багытында ылдам жылып жаткандарын баса белгиледи.

Кайра жаралуучу энергия боюнча президент ошондой эле: «Биз басып өткөн аралыктын эң сонун мисалы - биздин өлкөнүн энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирүүгө даярданып жаткандыгы»,-деди.

Эрдоган инвестиция көлөмү 80 миллион доллар болгон Бандырма бор карбиди өндүрүшүнүн бул тармакта Түркиянын биринчи жана дүйнөнүн алдыңкы ишканаларынан бири боло турганын айтты.



Тектеш кабарлар