Октай: «ТКТРсын толук колдойбуз»

Фуат Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Үнал Үстел менен борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1959898
Октай: «ТКТРсын толук колдойбуз»

Вице-президент Фуат Октай бардык тараптарды кипрдик түрктөрдүн укуктарын каттоого жана Түндүк Кипр Түрк Республикасын (ТКТР) таанууга чакырды.

Фуат Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Үнал Үстел менен борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Түркиянын Кипр түрктөрүнүн экономикалык өнүгүүсүндө да, эл аралык аренада адилеттүүлүгү үчүн күрөшүндө да Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанында экенин билдирген Октай, Кипр түрктөрү менен түбөлүктүү байланыштары себептүү кайгынын да, кубанычтын да бир экенин айтты.

Негизги мекени Түркия катары кипрдик түрктөрдү колдоону уланта тургандарын баса белгилеген Октай: «Эл аралык аренада Кипр түрктөрүнүн адилеттүүлүгү үчүн күрөштө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанындабыз»,-деди.

Октай: «Кипрдик түрктөрдүн укуктарын четке каккан ар кандай мамиленин ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жок экенин тарых көрсөттү. Кипрдин түрк эли-1963-жылы Кипрдин Рум тарабы өз колдору менен талкалаган Кипр Республикасынын тең укуктуу куруучулары жана тең укуктуу өнөктөштөрү. Биздин өлкө, бул чындыкка таянып, аралда кеңири жана алгылыктуу чечим үчүн эки тараптын тең эгемендүүлүккө жана тең эл аралык статусуна негизделген көз карашты толугу менен колдойт. «Түндүк Кипр Түрк Республикасы үчүн дароо азыр» деп, бул жерден дагы бир жолу чындыктарды көрүп, бардык тараптарды Кипр түрктөрүнүн укуктарын каттоого жана Түндүк Кипр Түрк Республикасын таанууга чакырабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар