Тышкы иштер министри Чавушоглу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Мевлүт Чавушоглу түркмөнстандык кесиптеши Мередов менен Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине даярдыктарды талкуулады.

1958096
Тышкы иштер министри Чавушоглу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов, Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан, Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу өзүнчө сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу кечээ түркмөнстандык кесиптеши Мередов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө 16 - мартта өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитине даярдыктар талкууланды.

Министр Чавушоглу Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Чавушоглунун Финляндиянын тышкы иштер министри Хаависто жана НАТОнун баш катчысы Столтенберг менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө НАТОнун кеңейүү маселелери талкууланды.

 

 



Тектеш кабарлар