16 өлкө жер титирөө болгон аймактарда 34 көчмө оорукана курду

Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

1956068
16 өлкө жер титирөө болгон аймактарда 34 көчмө оорукана  курду

6-февралдагы эпицентри Кахраманмараш болгон жана 11 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдөн кийин 16 өлкө аймакта 34 көчмө оорукана курду.

Тышкы иштер министрлиги Твиттердеги баракчасынан, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн координациясында Түркияга жеткирилген жардамдарды камтыган графикалык билдирүү жарыялады.

Буга ылайык, 16 мамлекет жер титирөө болгон аймактарда 34 көчмө оорукана курса, ушул убакка чейин Түркияга 179 миң 655 чатыр, 2 миң 76 жашоочу контейнер жана 2 миң 75 мобилдик гигиена аппараты алып келинди.

Натуралай жардамдын алкагында 1 миллион 879 миң 145 жууркан, 269 миң 747 уктоочу кап, 96 миң 462 керебет, 33 миң 810 генератор, 7 миң 488 тонна кийим-кече, 4 миң 109 тонна гигиеналык медициналык буюмдар жана 6 миң 908 тонна азык-түлүк Түркияга жетти.



Тектеш кабарлар