Жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 45 миң 968ге жетти

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Хатайдагы Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) облустук координациялык борборунда билдирүү жасады.

1954904
Жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 45 миң 968ге жетти

6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жана 11 облуска таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 45 миң 968ге жетти.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Хатайдагы Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) облустук координациялык борборунда билдирүү жасады.

«Биз дүйнөдөгү эң чоң жер титирөөлөр жана 400 чакырымдык жыртылуу жөнүндө айтып жатабыз. Албетте, мунун биз үчүн маанилүү натыйжалары болду»,-деп айткан Сойлу:«Чоң азаптар жана улуу жеңиштер элдерди бириктирет. Элибиз бул чоң азаптын алдында чоң биримдикке жетишти»,-деди.

Министр Сойлу, жер титирөөдө каза болгондордун санына байланыштуу, «Ушул убакка дейре урандыларда жана ооруканаларда каза болгондордун саны 45 миң 968 болду. Алардын арасында 4 миң 267 сириялык бир тууган да бар»,-деп айтты.

Сойлу аймакта ушул убакка чейин жалпысынан 13 миң 722 жер титирөө катталганын жана мунун өтө катардагы бир абал эмес экенин белгиледи.

Жер титирөө болгон аймакта 332, Хатайда 80 чатыр шаар аймагы түзүлгөнүн белгилеген Сойлу : «Кырсыктан аман калган 1,5 миллион киши чатырларда жашап жатат»,-деди.

Сойлу Хатайда 21 миң 895 контейнердин орнотулушу пландалганын, 3 миңин орнотуу иштери аяктаганын билдирди.

Министр Сойлу жер титирөө болгон аймактын бардыгынан аныкталган эвакуациялангандардын санынын 2 миллион 141 миң болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар