Мевлүт Чавушоглу Диярбакырда жер титирөөдөн жабыр тарткандар менен жолугушту

Чавушоглу : "Мамлекет  - улут кызматташуусу менен жер титирөөнүн жараларын айыктырабыз",- деди.

1954841
Мевлүт Чавушоглу Диярбакырда жер титирөөдөн жабыр тарткандар менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу мамлекет - улут кызматташуусу менен жер титирөөнүн жараларын айыктырышарын белгиледи. Мевлүт Чавушоглу Диярбакырда чатыр шаарга барып, жабыркоочулар менен жолугушту.

Чавушоглу жарандар муктаж болгон бардык  иштердин аткарылгандыгын жана мындан ары таштала турган кадамдар тууралуу   иштердин координация ичинде жүргүзүлүп жатканын айтты.

Чавушоглу шаар борборунда чыгымдарды аныктоо иштеринин бүткөндүгүн, жаңы турак жайлар курула турган жерлердин аныкталгандыгын, президент Режеп Таййип Эрдогандын туруктуу турак жайлардын баарын бир жылдын ичинде жарандарга тапшыруу убадасын бергендигин эске салды. 

Министр Чавушоглу : "Туруктуу турак жайлар бүткөнгө чейин да жарандарыбыздын муктаждыктарын камсыз кылуу мамлекет катары биздин милдетибиз. Бир жыл жарандарыбыздын чатырларда жашашын каалабайбыз. Ошондуктан контейнер шаарларды куруп жатабыз. Диярбакырда да контейнерлер үчүн жерлер даяр",- деди. 

Чавушоглу : "Мамлекет  - улут кызматташуусу менен жер титирөөнүн жараларын айыктырабыз",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар