Түркия АКШнын терроризм отчетуна каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, элчи Танжу Билгич : "АКШдан өлкөсүндөгү ФЕТӨ мүчөлөрүн жана иш  - аракеттерин эртерээк акырына чыгарышын күтөбүз",- деди.

1954453
Түркия АКШнын терроризм отчетуна каршылык көрсөттү

Түркия АКШнын мамлекеттик департаментинин 2021 – жылдагы терроризм боюнча өлкө отчетуна карышылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, элчи Танжу Билгич, отчет тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берип : "АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2021-жылдагы терроризм боюнча өлкө  отчету биздин өлкөнүн коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурган террордук уюмдарга каршы күрөшүн атайылап бурмалап жатат",- деди.  

Билгич билдирүүсүндө Түркиянын террордук уюмдар, айрыкча ПКК/ПЙД/ЙПГ, DHKP-C, ФЕТӨ жана ДЕАШ менен күрөшүн мыйзамдын негизинде улантканын жана бул жаатта эл аралык аракеттерге эффективдүү салым кошконун белгиледи.

Отчетто бир тараптуу басма сөз кабарларына токтолуп, Түркиянын Сирия жана Иракка карата террор менен күрөшүү операцияларынын жарандык жоготууларга жол ачкандыгы тууралуу дооматтардын да камтылгандыгын белгилеген Билгич буларды айтты : «2016 -  жылы өлкөбүздө болгон кандуу козголоңдун аткаруучусу жана АКШ болгон бардык өлкөдө кылмыш иштерине аралашкан ФЕТӨнүн террордук уюм мүнөздөмөсү, түрк соту тарабынан так далилдерге таянган сот чечими менен ортого салынды. Ошондуктан отчетто ФЕТӨ мүчөлөрүнө каршы күрөшүбүздүн саясий максатта деп мүнөздөлүшү кабыл алынгыс. АКШдан өлкөсүндөгү ФЕТӨ мүчөлөрүн жана иш  - аракеттерин эртерээк акырына чыгарышын күтөбүз».



Тектеш кабарлар