Түркия Хожалы кыргынын эскерди

Армян күчтөрү тарабынан миңден ашуун кишинин туткунга алынганы белгиленген билдирүүдө кыргында жоголгондордун тагдыры бүгүн да тактала электиги белгиленди.

1951609
Түркия Хожалы кыргынын эскерди

Түркия тарыхта кара так катары калган адамзатка каршы кылмыш болгон Хожалы кыргынын айыптаганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 1992-жылдын 26-февралында Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан Азербайжандын Карабах аймагындагы Хожалы шаарында 613 бейкүнөө азербайжандыктын кыргынга учуратылгандыгы жана жүздөгөн кишинин жараланганы эске салынды.

Армян күчтөрү тарабынан миңден ашуун кишинин туткунга алынганы белгиленген билдирүүдө кыргында жоголгондордун тагдыры бүгүн да тактала электиги белгиленди.

Билдирүүдө, «31 жыл мурун Хожалыда өлтүрүлгөн азербайжандык боордошторубуздун азабын дагы деле жүрөгүбүздө сезип жатабыз. Тарыхта кара так катары калган адамзатка каршы жасалган бул кылмышты айыптайбыз. Хожалы кыргынында каза болгон азербайжандык боордошторубузга Аллахтан ырайым тилейбиз жана Азербайжан элине көңүл айтуубузду дагы бир жолу кайталайбыз»,делди.

 



Тектеш кабарлар