Министр Небати Чоң жыйырмалыктын онлайн жыйынына катышты

Министр Небати социалдык медиа эсебинен Индиянын төрагалык мөөнөтүндө өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын каржы министрлери жана Борбордук банктын башкаруучуларынын 1-жыйынына катышканын жарыялады.

1950846
Министр Небати Чоң жыйырмалыктын онлайн жыйынына катышты

Казына жана каржы министри Нуреддин Небати Чоң жыйырмалыктын (G20) каржы министрлеринин жана Борбордук банктын башкаруучуларынын онлайн жыйынына катышты.

Министр Небати социалдык медиа эсебинен Индиянын төрагалык мөөнөтүндө өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын каржы министрлери жана Борбордук банктын башкаруучуларынын 1-жыйынына катышканын жарыялады.

Жыйындын Түркияга арналган атайын бөлүмүндө 6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөр тууралуу Чоң жыйырмалыктын мүчөлөрүнө маалымат бергендерин айтты.

Небати билдирүүсүндө:«Биз эл аралык коомчулукка ушул убакка чейин көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте тилектештикте болуунун маанилүүлүгүн баса белгиледик»,-деди.



Тектеш кабарлар