Чавушоглу - Конакович пресс - жыйыны
Министр Чавушоглу Босния - Герцеговинанын тышкы иштер министри Элмедин Конакович менен борбор шаар Анкарада Тышкы иштер министрлигинде өткөн жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 6 - февралда Кахраманмарашта болгон жана 10 облусту таасири астына алган жер титирөөлөрдөн кийин 76 өлкөдөн 7606 кызматкердин жер титирөө аянтында иштегенин айтты.
Министр Чавушоглу Босния - Герцеговинанын тышкы иштер министри Элмедин Конакович менен борбор шаар Анкарада Тышкы иштер министрлигинде өткөн жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.
Чавушоглу Босния - Герцеговинанын тилектештик билдирүүлөрү менен артынан жиберген куткаруучу топтору менен Түркиянын жанында экендигин белгилеп : «Босния - Герцеговинадан 234 кишилик 13 куткаруучу топ жер титирөөдөн кийин дароо Түркияга келди. Хатай, Адыяман жана Кахраманмарашта иштеп жатышат. 12 - евралдан тарта 26 кишинин урандыдан куткарышты. Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чатыр жиберишти, накталай акча жарам берүүнү убада беришти»,- деди.
Эл аралык коомчулуктан чоң колдоо жана тилектештик алгандарын баса белгилеген Чавушоглу : «Учурда жардам сунуштаган өлкөлөрдүн саны 100, аянтта издөө - куткаруу ишерин аткарган өлкөлөрдүн саны 76, персонал саны 7 миң 606, дагы 2 өлкөнүн куткаруу топторун жиберүүсү күтүлүүдө. Башкача айтканда болжол менен 712 кошумча кызматкер чет өлкөдөн келет»,- деди.
Министр Чавушоглу 12 өлкөдөн издөө - куткаруу топторунун игин бүтүрүп, өлкөлөрүнө кайткандарын айтты.
Чавушоглу аймакта өз ыктыяры менен иштеген өлкөлөр жана уюмдарга да ыраазычылык билдирди.
Түркия менен биримдикте экендерин жана тилектештик билдирүүсүн берген Элмедин Конакович да : «Босния - Герцеговина катары издөө жана куткаруу тобун жибергенибиз үчүн сыймыктанабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын калкынын 15,1 пайызын жаштар түзүүдө
Түркиянын статистикалык мекемеси 2023 - жылдын жаштар боюнча статистикасын жарыялады.