Түркиядагы жер титирөө Сирияда да катуу сезилди

Эпицентри Түркиянын Кахраманмараш облусунун Пазаржык районунда болгон 7,4 баллдык жер титирөө Сириянын Идлиб, Халеп, Хама, Латакия жана Ракка облустарында катуу сезилип, чоң кыйроолор болду.

1942248
Түркиядагы жер титирөө Сирияда да катуу сезилди

Сириянын борбор шаары Дамаск баш болгон көптөгөн шаарларда болгон жер титирөөдө алгачкы эсептөөлөргө караганда 100 киши каза болуп, жүздөгөн киши жарадар болду.

Эпицентри Түркиянын Кахраманмараш облусунун Пазаржык районунда болгон 7,4 баллдык жер титирөө Сириянын Идлиб, Халеп, Хама, Латакия жана Ракка облустарында катуу сезилип, чоң кыйроолор болду.

Сириянын САНА кабар агенттигинин кабарына караганда, жер титирөөдө, Сириянын Адам укуктары тармагынын (SNHR) түзгөн маалыматына караганда Халептин  режим көзөмөлдөгөн аймактарында алгачкы аныктамалар боюнча 42, Жарандык коргонуу (Ак каскалылар) , жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемелери жана жергиликтүү булактардан чогултулган кабарлар боюнча түндүктөгү ар кайсы калктуу конуштарда 58 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар