Али Эрбаштын Швецияга каршы чыгуусу

Али Эрбаш Анкарадагы «Хажы Байрам Вели» мечитинде жарандар менен дуба окуп, багымдат намазын окуду.

1936110
Али Эрбаштын Швецияга каршы чыгуусу

Дин иштери боюнча төрагасы Али Эрбаш ашынган улутчул саясатчы Расмус Палудандын Швеция бийлигинин уруксаты менен Түркиянын Стокгольм элчилигинин алдында Куранды урматтабаган аракетине реакция кылды.

Али Эрбаш социалдык медиа эсебинен: «Куран достору, таң намазына баралы» деп бардыгын мечиттерде Куран окууга чакырды.

Даават кабыл алынып, өлкө аймагындагы бардык мечиттерде багымдат намазына эл чогулду.

Али Эрбаш Анкарадагы «Хажы Байрам Вели» мечитинде жарандар менен дуба окуп, багымдат намазын окуду.

Мечиттеги программада сөз сүйлөгөн Эрбаш: «Дүйнө эли катары биз чогуу жашоо үчүн бири-бирибиздин ыйманыбызды, китебибизди, расаларды сыйлашыбыз керек»,-деди.

Эрбаш:«Ислам дининин эң негизги принциптеринин бири согушта да кээ бир нерселер кол тийгис, алар балдар, бейкүнөөлөр, аялдар, кээ бирлери храмдар. Ар кандай диндеги адамдардын ыйык деп эсептеген китептери кол тийгис»,-деп айтты.

Бирге жашоонун эң маанилүү шарттарынын бири адамдардын бири-биринин ишенимине, сектасына, расасына жана өңүнө урмат көрсөтүүсү экенин баса белгилеген Эрбаш:«Дүйнө эли катары биз бири-бирибиздин ыйманыбызды, китебибизди, улутубузду сыйлап жашашыбыз керек»,-деп айтты.

Али Эрбаш, Кураны Керимге душмандык эмес, достукка чакырды.



Тектеш кабарлар