Террор менен күрөшүү уланып жатат

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.

1929531
Террор менен күрөшүү уланып жатат

Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» операциясы аймагына кол салууга даярданып жаткан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 8 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө, «Жалгыз максаты барган аймакта кан төгүү болгон террористтерди өзүнө ылайыктуу түрдө жазалоону улантып жатабыз. Баатыр Мехметчик Евфрат калканы аймагына кол салууга даярданган 8 ПКК/ЙПГ террористин кыянаттык максаттарына жете электе жок кылды»,-деп айтылды.

Бир тараптан Сириянын түндүгүндөгү Зайтун бутагы аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 2 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук rоргоо министрлигинин Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө, «Террор жана террористтерге жол жок! Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Сириянын түндүгүндөгү Зайтун бутагы аймагында аныктаган 2 ПКК/ЙПГ террористин жок кылды. Террористтерге каршы күрөшүбүз натыйжалуу жана чечкиндүү түрдө уланат!»,делди.



Тектеш кабарлар