Чавушоглу Рашидов жана Карзай менен жолугушту

Бул тууралуу Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө айтты.

1920983
Чавушоглу Рашидов жана Карзай менен жолугушту
hamid karzai-cavusoglu.jpg
bulgaristan ulusal meclisi baskani rasidov-cavusoglu.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Болгариянын парламент төрагасы Вежди Рашидов менен борбор шаар Анкарада Тышкы иштер министрлигинде жолукту.

Чавушоглу Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө Рашидов менен болгон жолугушуусунда Түркия менен Болгариянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштарды жана парламенттер аралык кызматташтыкты сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу Тышкы иштер министрлигинде Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай менен да жолугушту.

Чавушоглу Карзай менен жолугушуусуна байланыштуу Твиттер баракчасынан билдирүү жасап: «Биз ооган эли менен тилектештигибизди жана өлкөнүн стабилдүүлүгүн колдоону улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар