Каймакжы: «Түркия өз кызыкчылыгын коргоп, өз саясатын карманышы керек»

Каймакжы Түркия Улуу Улуттук Жыйынында эл өкүлдөрүнө маалымат берди.

1919831
Каймакжы: «Түркия өз кызыкчылыгын коргоп, өз саясатын карманышы керек»

Тышкы иштер министринин орун басары Фарук Каймакжы, Түркиянын ушул учурга чейин Европа Биримдигинин (ЕБ) Орусияга каршы киргизген санкцияларынын бузулушуна негиз түзө турчу эч кандай кадам таштабаганын, ал тургай бул темада айтылган сунуштарды четке какканын билдирди.

Каймакжы Түркия Улуу Улуттук Жыйынында эл өкүлдөрүнө маалымат берди.

Европа Биримдигинин бүгүнкү күнгө чейин Орусияга каршы 8 санкция пакетин кабыл алганын эске салган Каймакжы: «Түркия Евробиримдиктин санкцияларын түшүнөт, бирок өз кызыкчылыгын коргоп, өз саясатын карманышы керек»,- деди.

Түркиянын Украинанын биримдигин жана бүтүндүгүн аягына чейин жактаганын жана бул темада эч кандай тайсалдоо болбогонун белгилеген Каймакжы: «Ушул убакка чейин Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын бузулушуна жол ача турган кадамдарды таштаган жокпуз, ал тургай бул багытта айтылган сунуштарды четке какканбыз»,- деди.

Каймакжы бул маселени Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин күн тартибине алып чыкканын айтып: «Түркиянын кандайдыр бир түрдө Евробиримдиктин санкцияларын бузганын, ага жол ачканын же көмөктөшкөнүн көрсөткөн эч бир абал же маалымат жок, муну да экинчи тарапка билдирдик»,- деди.



Тектеш кабарлар