Чавушоглу: «THY Ашхабадга каттамдарын баштайт»

Чавушоглу менен Рашид Мередов борбор шаар Анкарадагы жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

1912006
Чавушоглу: «THY Ашхабадга каттамдарын баштайт»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түрк аба жолдорунун (THY) декабрь айында Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадга каттамдарын баштаарын билдирди.

Чавушоглу менен Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов борбор шаар Анкарадагы жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Чавушоглу Мередов менен болгон эки тараптуу жолугушууда кээ бир аймактык маселелердин жана өз ара карым-катнаштардын талкууланганын белгиледи.

Өз ара сапарлардын да сүйлөшүлгөнүн белгилеген Чавушоглу, Авазада өтө турган Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан үч тараптуу саммитине даярдыктын талкууланганын, мындан тышкары саммитке чейин үч өлкөнүн тышкы иштер, энергетика жана транспорт министрлеринин жыйынын өткөрүү пайдалуу болот деген чечимге келишкенин айтты.

Жолугушуулардын алкагында 5 келишимге кол коюла турганын маалымдаган Чавушоглу, Түркиядан Түркмөнстанга жакын арадагы сапарларга токтолуп, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедовдун келерки жылдын башында Түркияга келе турганын кабарлады. 

Жолугушууда транспорт жана жүк ташуу темаларынын да сүйлөшүлгөнүн белгилеген Чавушоглу: «Биз өзгөчө транспорттук тоскоолдуктарды жоюу боюнча макулдаштык. Ошондой эле түндүк коридор жоюлгандан кийин чыгыш, батыш, борбордук коридор жана Каспий транзиттик коридорлору альтернатива катары маанилүү боло баштады. Бул жерде Түркмөнстан жана башка өлкөлөр менен кызматташуубуз да чоң мааниге ээ»,-деди.

Ошондой эле билим берүү жана маданият тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн аракет кылып жаткандарын баса белгиледи.

Чавушоглу Түркмөнстандын Түрк Мамлекеттери Уюмуна (TМУ) байкоочу мүчө болушуна канааттануусун билдирип: «Биздин эң чоң тилегибиз бир тууган Түркмөнстандын ТМУнун толук кандуу мүчөсү болуп, саммиттерди өткөрүшү»,-деди.

Мередовду 2023-жылдын апрель айында өткөрүлө турган Анталья дипломатия форумуна чакырган Чавушоглу, келечекте дагы да тыгыз кызматташуу боюнча макулдашкандарын айтты.

Чавушоглу Түрк аба жолдорунун (THY) декабрда Ашхабадга каттамдарын баштаарын билдирди.



Тектеш кабарлар