Дагы бир террорист колго түшүп берди
Ички иштер министрлиги билдирүү жасады.
Ынандыруу аракеттеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККдан качып багынып берген террористтин үй-бүлөсүнүн, Диярбакырда балдарын күтүп нөөмөттө тургандардын бири экени билдирилди.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта, Министрликтин координациясында Жандармерия башкы командирлиги менен Коопсуздук башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн көндүрүү иштеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККдан качкан дагы бир террористтин өлкөгө кирип коопсуздук күчтөрүнө колго түшүп бергени кабарланды.
Багынып берген уюмдун мүчөсүнүн 2013-жылы террордук уюмга кошулганы, Сирия жана Иракта иш алып барганы, террордон изделгендердин тизмесинде «боз категорияда» орун алганы белгиленген билдирүүдө, анын үй-бүлөсүнүн да Диярбакырда балдарын күтүп нөөмөттө тургандардын бири экени айтылды.
Билдирүүдө ынандыруу аракеттеринин негизинде 2022-жылы колго түшүп берген уюмдун мүчөлөрүнүн санынын 109га жеткени белгиленди.