Эрдоган Кара деңиз жаратылыш газы тууралуу билдирди

Эрдоган : "Сүйүнчүсүн элибиз менен бөлүшкөн  Кара деңиз жаратылыш газын өлкөбүздүн системасына туташтыра турган иштерди ылдамдаттык»,-деди.

1905624
Эрдоган  Кара деңиз жаратылыш газы тууралуу билдирди

Президент Режеп Таййип  Эрдоган : "Сүйүнчүсүн элибиз менен бөлүшкөн  Кара деңиз жаратылыш газын өлкөбүздүн системасына туташтыра турган иштерди ылдамдаттык»,-деди. 

Президент Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан түз байланыш менен «Кастамонунун Бозкурт, Абана, Жиде жана Инеболу райондоруна жаратылыш газын жеткирүү аземине» катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : «Сүйүнчүсүн  элибиз менен бөлүшкөн Кара деңиз жаратылыш газын өлкөбүздүн системасына туташтыруу иштерин тездеттик. Сакария газ кениндеги биринчи этапты түзгөн 10 скважинадан 9унун бургулоо иштери аяктады. Бул газды келерки жылы колдоно баштайбыз деп ишенем»,- деди. 



Тектеш кабарлар