"The World" 182 жүргүнчү менен Мармаристе
Датчадан келген кеме эртең кечинде Фетхие портуна жөнөйт.
1904389
Багама желектүү люкс круиздик " The World" кемеси жүргүнчүлөрү менен Мугланын Мармарис районуна келди.
Мармарис круиз портунун чоң пристанына токтогон 196 метрлик круиздик кемеде 182 жүргүнчү жана 258 кызматкер бар.
Кемедеги туристтер текшерүү процессинен кийин Мармарис базарын, Калеичи жана маринаны кыдырышты.
Тарыхый жана туристтик жерлерди да зыярат кылган туристтердин бир бөлүгү Далян Каунос туруна катышты.
Датчадан келген кеме эртең кечинде Фетхие портуна жөнөйт.