Ички иштер министри Иран чек арасында изилдөө жүргүздү

Сарай районундагы Капыкөй бажы капкасына барган Сойлу жетекчилер менен жолугушуп, ирандык аскер жана туристтер менен маектешти.

1898668
Ички иштер министри Иран чек арасында изилдөө жүргүздү
Turkiye-iran siniri.jpg
soylu iran siniri inceleme.jpg

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Түркия  -  Иран чек арасында курулушу улантылып жаткан коопсуздук дубалы, траншея жана башка иштерди изилдеп чыкты.

Министрдин орун басары Исмаил Чатаклы Европа Биримдиги Комиссиясынын коңшулук жана кеңейүүдөн жооптуу комиссары Оливер Вархелий жана Европа Биримдигинин делегация башчысы, элчи Николаус Мейер-Ландрут менен Ванга барган Сойлу жана коштоосундагылар тик учак менен Өзалп, Чалдыран  - Иран чек арасында курулган коопсуздук дубалы, траншея жана башка коопсуздук жолун, ийгиликтүү операциялар менен террордон тазаланган Тендүрек тоо аймагын иликтеди.

Иштер тууралуу жетекчилерден маалымат алган Сойлу андан кийин Курудере база аймагына барды.

Аскерлер менен жолугушкан Сойлу чек ара сызыгында иштеген чалгындоо жана байкоочу унаалар тууралуу маалымат алып, электро -  оптикалык системаларды текшерди.

Сарай районундагы Капыкөй бажы капкасына барган Сойлу жетекчилер менен жолугушуп, ирандык аскер жана туристтер менен маектешти.



Тектеш кабарлар