Эрдоган: «Биз өлкөбүздү тынчтык аралына айландыруу үчүн иштеп жатабыз»

Президент Эрдоган Диярбакырда 140 долбоордун топтуу түрдө ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1896454
Эрдоган: «Биз өлкөбүздү тынчтык аралына айландыруу үчүн иштеп жатабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияны тынчтык аралына айландыруу үчүн аракет кылгандарын баса белгилеп:«Биздин бул ишти аткарышыбызга террордук уюмдар жана алардын жибин кармап турган империалисттик зулумдуктар тоскоол боло алышпайт»,-деди.

Президент Эрдоган Диярбакырда 140 долбоордун топтуу түрдө ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө ынтымак жана биримдик билдирүүсүн берген Эрдоган: «Айырмалабай. Бир болобуз, ири болобуз, тирүү болобуз, бир тууган болобуз, баарыбыз чогуу Түркия болобуз. Бизди бөлүп-жаргандарга мүмкүнчүлүк бербейбиз»,-деди.

Сириянын түндүгүндөгү террористтерди баккан батыш өлкөлөрүнө каарын төккөн Эрдоган: «Биз Европадан, Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) азыктанган уулуу тамырларын биздин географиянын жүрөгүнө сайууга аракет кылгандарды көрмөксөнгө салган жокпуз»,-деп айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн жикчил террор уюму ПКК тарабынан балдары уурдалган энелерди көрмөксөнгө салганына көңүл бурган Эрдоган:«Диярбакырдык энелерди Батыштын шимпанзелерине калтырган жокпуз. Укук коргоочулар кайда? Диярбакыр энелерине бир жолу келип жолугуштубу?»,-деп сурады.

Диярбакыр калкынын тектерин, ишенимдерин жана цивилизацияларын коргогон асыл адамдар экенин баса белгилеген Эрдоган:«Диярбакырды тамырынан эч ким ажырата албайт»,-деди.

Эрдоган Диярбакырдын инфраструктурасы, экономикасы, маданияты жана искусствосу менен жолун улантып жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Диярбакыр азыр тынчтыктын шаары»,-деп айтты.

Диярбакырдын тынч болушу үчүн. Ирак, Сирия жана бүткүл аймактын тынч болушу керектигин баса белгилеген президент Эрдоган:«Биз өлкөбүздү чыгыштан батышка, түштүктөн түндүккө чейин тынчтык аралына айландыруу үчүн иштеп жатабыз. Биздин муну ишке ашыруубузга террордук уюмдар жана алардын жибин кармаган империалисттик тирандары тоскоол боло алышпайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар