Шентоп Төре жана Трампа менен сүйлөштү

Шентоп сүйлөшүүлөр тууралуу социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

1878333
Шентоп Төре жана Трампа менен сүйлөштү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Парламентинин төрагасы Зорлу Төре менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Шентоп сүйлөшүүлөр тууралуу социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө:"Биз Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин Төрагасы Зорлу Төре жана аны коштогон делегация менен өткөрүүнү пландаган жолугушуубузду жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) тести позитив болгондугуна байланыштуу телефон аркылуу өткөрдүк. Эки тараптуу мамилелерибизге жана аймактык өнүгүүлөргө, парламенттер аралык кызматташтыкка да баа бердик»,-деп жазды.

Шентоп айрыкча Искече (Ксанти) муфтийи болуп шайланган Мустафа Трампаны да телефон аркылуу куттуктады.

Шентоп социалдык медиа эсебинен жазган билдирүүсүндө Батыш Фракиядагы тектеш Мусулман түрктөр тарабынан Искеченин муфтийи болуп шайланган Мустафа Трампаны куттуктаганын айтты.

Шентоп, бул татаал жана маанилүү иште Трампага Аллахтан жардам жана ийгилик каалап: "Түркия катары ар дайым мекендештерибиздин жанында болууну улантабыз»,-деди. 



Тектеш кабарлар