Түркия Ооганстандагы террордук кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

1876232
Түркия Ооганстандагы террордук кол салууну айыптады

Түркия кечээ Ооганстандын борбору Кабулдагы Орус элчилигинин алдында болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Орусия Федерациясынын Кабулдагы элчилигинин алдында жасалган жанкечтилик кол салууда көп сандаган адамдардын, анын ичинде элчиликтин мүчөлөрүнүн каза болушу жана жаракат алышынын терең капага салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Бул террордук кол салууну катуу айыптап, Орусия Федерациясы менен ооган элине көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», деген сөздөр камтылды.

Кабул полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Халид Задран, жанкечтилик кол салуудан элчиликте иштеген 4 карапайым жана 2 орус жаранынын каза болгонун, көп сандаган кишинин жараланганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар