Эрдоган: «Кийинки кылымдын Түркиянын кылымы болуп калышына тоскоол боло албайсыңар»

Президент Эрдоган партиясынын Самсун кеңейтилген облустук кеңешме кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

1875464
Эрдоган: «Кийинки кылымдын Түркиянын кылымы болуп калышына тоскоол боло албайсыңар»

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Режеп Таййип Эрдоган:«Кандай тузак салсаң дагы, кийинки кылымдын Түркиянын кылымы болуп калышына тоскоол боло албайсың»,-деди.

Президент Эрдоган партиясынын Самсун кеңейтилген облустук кеңешме кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, глобалдык масштабдагы көйгөйлөргө карабастан Түркияны 2023-жылдагы максаттарына жеткирүү, 2053-жылга карата белгилеген көз карашына алып баруу үчүн бүт күч-аракеттерин жумшап иштеп жаткандарын айтты.

Самсунда быйыл Түркиянын эң чоң технология фестивалы TEKNOFEST болгонун белгилеген Эрдоган:«Түркиянын демилгечилик руху быйыл Самсунда көрүндү»,-деди.

Бийликке келгенде коргоо өнөр жайында атамекендик жана улуттук көрсөткүчү 20 пайыз болгонун белгилеген Эрдоган, бүгүнкү күндө бул көрсөткүчтүн 80 пайыз экенин баса белгиледи.

Эрдоган Түркиянын дүйнөлүк коргонуу өнөр жай базарында сөзгө ээ болушунун глобалдык курал сатуучуларды тынчсыздандырганын билгендерин да айтты.

«Мына бул жерден куткарылуунун жана өсүүнүн шаары Самсундан фитна соодагерлерине ачык айтам, эмне кылсаңар да ийгиликке жете албайсыңар»,-деп айткан Президент, кандай тузактар ​​салынбасын, келерки кылымдын Түркиянын кылымы болуусуна бөгөт коюу мүмкүн эмес экенин айтты.



Тектеш кабарлар