Эрдоган медаль алган спортчуларды куттуктады
Эрдоган : Ислам ааламынын түрдүү аймактарынан өлкөбүзгө келген конокторубузга чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем".
1870290
Президент Режеп Таййип Эрдоган 5 - Ислам тилектештиги оюндарында 341 медалга жетишкен улуттук спортчуларды куттуктады.
Эрдоган соцтармактан берген билдирүүсүндө : "Коньяда өткөрүлгөн 5 - Ислам тилектештик оюндарында 341 медаль алып тарыхый бир жыйынтыкка жеткен бардык улуттук спортчуларыбызды куттуктаймын. Ислам ааламынын түрдүү аймактарынан өлкөбүзгө келген конокторубузга чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем",- деди.