Диярбакырда «Эрен блокада-28» операциясы башталды

Бул тууарлуу Ички иштер министрлигинен маалымат берилди.

1861664
Диярбакырда «Эрен блокада-28» операциясы башталды

Диярбакырда 1021 коопсуздук кызматкеринин катышуусу менен «Эрен блокада-28 шейит жандармерия адиси сержант Мехмет Арыйешил операциясы» башталды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Диярбакырда жикчил террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймакта жүргөн террористтерди таасирсиз кылуу максатында операция жүргүзүлдү.

Операцияда Облустук жандармерия командирлиги тарабынан жана жандармериянын десанттык атайын операциялары (JOPER), жандармериянын десанттык жана коопсуздук күзөт топторунан турган 1021 коопсуздук кызматкери жана 62 ыкчам топ катышууда.



Тектеш кабарлар