Эрдоган Стамбулда 15 - июль программасына катышты

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн «15 -  Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүн эскерүү» программасында сөз сүйлөдү.

1855615
Эрдоган Стамбулда 15 -  июль программасына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Өлкөбүздүн дагы бир жолу 15 -  июль сыяктуу окуяларга,  улутубуздун дагы бир жолу туткундук коркунучуна дуушар болбошу үчүн чоң жана күчтүү Түркияны курууну чечкиндүүлүк менен улантабыз»,- деди.

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн «15 -  Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүн эскерүү» программасында сөз сүйлөдү.

Эрдоган коомдордун тарыхында кылымдар боюнча унутулбай турган, муундан муунга, тилден тилге өткөн  дастан сыяктуу айтыла турган бурулуштардын болгондугун белгилеп, улуттун 15 -  июлда жүрөгүндөгү ыймандан алган күч менен кечинде күн батып бара жатканда башталган төңкөрүш кыймылын күндүн чыгышы менен бирге жеңип дастан жазгандыгын белгиледи.

Президент Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «Эки кылымдан бери бутуна турууну каалаган ар бир мезгилде  бул улутту согуш менен сокку менен террор менен саясий туруксуздук менен экономикалык кризис менен социалдык кагылышуу менен чөктүрүүгө аракет кылгандар бул жолу да ийгиликтүү боло алышпады. Түрдүү мезгилдерде түрдүү себептер менен оюн ойноп, 15 -  июль түнү улутубуздун ыйман толгон көкүрөгүнө тийип талкаланды».



Тектеш кабарлар