Түркия - Армения ортосунда түздөн түз абадан жүк ташуу

Түркия менен Армениянын нормалдашуу процессинин атайын өкүлдөрү элчи Сердар Кылыч жана Армения парламентинин вице  - премьер  - министри Рубен Рубинян кечээ Венада сүйлөшүштү.

1850952
Түркия  -  Армения ортосунда  түздөн түз абадан жүк ташуу

Түркия менен Армения түздөн түз аба жүк ташуу соодасын кыска убакытта баштоо үчүн келишим түздү. 

Тышкы иштер министрлиги Түркия менен Армениянын нормалдашуу процессинин атайын өкүлдөрү элчи Сердар Кылыч жана Армения парламентинин вице  - премьер  - министри Рубен Рубиняндын сүйлөшүүлөрү тууралуу жазуу түрүндө маалымат жарыялады. 

Билдирүүдө Кылыч жана Рубиняндын ортосундагы төртүнчү сүйлөшүүнүн кечээ Австриянын борбор шаары Венада өткөндүгү белгиленип : "Тараптар Түркия менен Армениянын ортосундагы кургактык чек арасынын эки өлкөнү зыярат кылган үчүнчү өлкө жарандарынын өтүшүнө эң кыска мөөнөттө ачуу боюнча макулдашышты жана бул темада керектүү процессти баштоону чечишти»,-деп билдирилди. 

Бир тараптан сүйлөшүүлөрдө акыркы максат болгон эки өлкөнүн ортосунда "толук нормалдашууну камсыз кылуу"  үчүн таштала турган кадамдардын да каралгандыгы билдирилип, тараптардын нормалдашуу процессинин алдыңкы шартсыз  улантылышына байланыштуу  макулдашууларын баса белгилешкендери маалымдалды. 

 

 



Тектеш кабарлар