Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Танжу Билгич суроолорго жооп берди

Түркиянын коопсуз аймак экендигин жана террор менен өлкө ичинде жана өлкө тышында террор менен күрөшүүнү эффективдүү улантып жаткандыгын баса белгилеген Билгич ; бул тармакта жетишилген ийгиликтүү жыйынтыктардын  ачыкча көрүлгөндүгүн белгиледи.

1843244
Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Танжу Билгич суроолорго жооп берди

Түркия террор менен күрөшүүгө байланыштуу кызматташуу механизмдеринин алкагында тийиштүү мекемелердин керектүү коопсуздук чараларын көргөндүгүн билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Танжу Билгич акыркы күндөрдө айрым өлкөлөрдүн Түркиядагы жарандарына карата саякат тууралуу эскертүүлөрдү жарыялагандыгына байланыштуу суроого жазуу түрүндө жооп берип : «Бул эскертүүлөр түрдүү эл аралык абалдар жана мотивдер менен байланыштуу экендиги болжолдолууда. Негизинен тийиштүү мекемелерибиз тарабынан террор менен күрөшүүгө байланыштуу кызматташуу механизмибиздин алкагында бардык керектүү коопсуздук чаралар көрүлүүдө»,- деди.

Түркиянын коопсуз аймак экендигин жана террор менен өлкө ичинде жана өлкө тышында террор менен күрөшүүнү эффективдүү улантып жаткандыгын баса белгилеген Билгич ; бул тармакта жетишилген ийгиликтүү жыйынтыктардын  ачыкча көрүлгөндүгүн белгиледи.

Билгич сөзүн төмөнкүчө улантты : «Бул контекстте өлкөбүз  террор менен күрөшүн террордук уюмдардын арасында айырмачылык кылбастан улантып, эл аралык коомчулуктун коопсуздугуна да салым кошууда. Акыйкаттан да бул жагдай  эл аралык коомчулук тарабынан билинип жана колдоого алынууда».



Тектеш кабарлар