Грециянын Анкарадагы элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды

Грециянын Анкара элчиси Кристодулос Лазариз өлкөсүнүн террордук уюмуна берген мүмкүнчүлүктөр жана Афинадагы түрк элчилигинин жакындарында болгон ПКК митингдеринен улам тышкы иштер министрлигине чакырылды.

1837542

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министрликке чакырылган Лазариске Түркиянын тема тууралуу көз караштары жана реакциясы билдирилди.

Лазариске  аты аталган террордук уюмдардын Грецияда оңой эле үгүттөө, каржылоо жана жалдоо иштерин жүргүзгөндүгү, Грециянын террор менен байланышы бар чөйрөлөр үчүн коопсуз башпаанек катары өзгөчөлүгүнүн жогорулаганы билдирилди.

Мындан тышкары Түркиянын коопсуздугун коркунучка сала турган террористтердин бардык логистикалык жана машыгуу мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланган Лаврион лагери мисал катары көрсөтүлдү.

Лазариске Лаврион лагеринин  Ирак жана Сириядагы ПКК лагерлери менен салыштырыла ала турган өлчөмдө террордук уя болгондугу айтылып, бул лагерден башталып Түркиянын Афина элчилигине жакын жерде ПККнын митинги, Түркиянын реакциясы менен тема тууралуу көз караштары билдирилди.

Сүйлөшүүдө Грециядагы түрк өкүлчүлүктөрүнүн жана жарандарынын коопсуздугуна карата санааркоолор да  билдирилди, террор менен күрөшүүдөгү  кызматташуу кайталанды.

Өзгөчө Грециянын террор менен күрөшүндө коңшулук карым  - катнаштарынан жана эл аралык мыйзамдан келип чыккан милдетин орундатуусу керектиги да баса белгиленди.

Тектеш кабарлар