Террор менен күрөш улантылууда

Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГ террордук уюмунун 7 мүчөсү жок кылынды.

1833569
Террор менен күрөш улантылууда

 

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Сириянын түндүгүндө террордон тазаланган аймактарга террордук уюм ПКК/ЙПГнын  кол салуусуна Мехметчик дароо каршылык көрсөттү. 

"Евфрат калканы", "Зайтун бутагы" жана "Тынчтык булагы" аймактарына кол салган ПКК/ЙПГнын 7 террористи жок кылынды. 

Бир тараптан ички иштер министрлиги баштаган Эрен блокада  - 7 операциясынын негизинде Тунжели элетинде ПКК террордук уюму колдонгон баш калкалоочу жерде көп сандаган ок  - дары жана 5 тоннадан ашуун азык  - түлүк менен турмуштук материалдар колго түшүрүлдү. 

 

 



Тектеш кабарлар