Колумбиянын лидери Түркияга келет

Сапардын негизинде  эки тараптуу карым  - катнаштарга маанилүү салым кошо турган келишимдерге кол коюлушу да күн тартибинен орун алат.

1829512
Колумбиянын лидери Түркияга келет

Колумбиянын президенти Иван Дуке Маркес президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн Түркияга келет.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Маркес Эрдогандын чакыруусу менен 20-22-майда Түркияга иш сапары менен келет.

Сапары учурунда өткөрүлө турган жолугушууларда Түркия  -  Колумбия ортосундагы карым  - катнаштар бардык тарабы менен каралат, кызматташуунун өнүктүрүлүшү үчүн таштала турган кадамдар талкууланат. Сапардын негизинде  эки тараптуу карым  - катнаштарга маанилүү салым кошо турган келишимдерге кол коюлушу да күн тартибинен орун алат. 

Жолугушууларда эки тараптуу карым  - катнаштар менен бирге актуалдуу, аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алышууларда болушу да күтүлүүдө. 

 

 

 



Тектеш кабарлар