Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.

2132124
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын жана Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн операцияларында акыркы бир жумада дагы 54 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында, акыркы бир жумада 54, 1-январдан бери болсо Ирактын түндүгүндө 360, Сириянын түндүгүндө 442 жалпы 802 террористтин таасирсиз абалга келгени билдирилди.

Чечкиндүү операциялардын натыйжасында Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан дагы эки ПКК террористинин 21-апрелде "Хабур" чек ара бекетине багынып бергени кабарланды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.

Улуттук коргоо министрлигинин булактары, Ирак менен «Биргелешкен коопсуздук координациялык борборунун» принциптерин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын маалымдашты.

Түркия Иракка чек ара коопсуздук системаларына байланыштуу да колдоо көрсөтөт.



Тектеш кабарлар