Ризе-Артвин аэропортунун ачылышы болот

Аэропортко эң биринчи Эрдоган менен Алиевдин учактары конот.

1823006
Ризе-Артвин аэропортунун ачылышы болот

Түркиянын деңиздин бетине курулган экинчи учуу тилкеси болгон Ризе-Артвин аэропортунун ачылышы 14-майда президент Режеп Таййип Эрдоган жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин катышуусунда өткөрүлөт.

Ризеден 34 чакырым, Хопадан 54 чакырым жана Артвинден 125 чакырым алыстыктагы Пазар районундагы аэропортко эң биринчи Эрдоган менен Алиевдин учактары конот.

Эки президентти ташыган учактар ​​учуу тилкесине конгондон кийин Ризе-Артвин аэропортунун ачылышы болот.

Ачылыштан кийин президент Эрдоган, Алиев жана берки коноктордун урматына сый тамак берет.



Тектеш кабарлар