Түркия - Армения нормалдашуу процессинин үчүнчү сүйлөшүүсү Венеда өттү

Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчиси 14 -  январда Россиянын борбор шаары Москвада өткөн.

1821751
Түркия  -  Армения нормалдашуу процессинин үчүнчү сүйлөшүүсү Венеда өттү

Түркия менен Армениянын нормалдашуу  процессинин атайын өкүлдөрү элчи Сердар Кылыч менен Армениянын парламент башчысынын орун басары Рубен Рубиняндын ортосундагы үчүнчү сүйлөшүү Австриянын борбор шаары Венада өттү.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта атайын өкүлдөрдүн  процессти алдыңкы шартсыз улантуу боюнча макулдашкандары дагы бир жолу баса белгиленип : «Атайын өкүлдөр бул процесс аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы толук нормалдашууга жетишүү боюнча мурда жарыяланган максатты такташты. Бул контекстте алар өздөрүнүн конкреттүү пикирлери боюнча ачык түрдө пикир алмашышты жана бул багытта алдыга жылуу үчүн таштала  турган кадамдарды талкуулашты»,- деп билдирилди.

Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчиси 14 -  январда Россиянын борбор шаары Москвада өткөн.

Бул сүйлөшүүдө Армения менен Түркиянын ортосунда 2020-жылы токтогон каттамдардын кайрадан башталышына чечим чыгарылып жана февраль айында өз ара каттамдар башталган.

Атайын өкүлдөр экинчи жыйынын да 24-февралда Венада өткөрүшкөн.

Бул процессте Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян 11-13-мартта Антальяда өткөрүлгөн Анталия дипломатия форумуна катышкан.



Тектеш кабарлар