Хулуси Акар Түркиянын Грецияга чын жүрөктөн сунган достук колун кабыл алууга чакырды

Акар «Көгүлтүр мекен» машыгуусунун Тандамал байкоочу күнүнө арналган иш  - чаралардан кийин машыгууга катышкан кемелердин командирлерине видеоконференция аркылуу кайрылды.

1816346
Хулуси Акар Түркиянын Грецияга чын жүрөктөн сунган достук колун кабыл алууга чакырды

 Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Грецияга чын жүрөктөн сунган достук колун кабыл алууга чакырды.

Акар «Көгүлтүр мекен» машыгуусунун Тандамал байкоочу күнүнө арналган иш  - чаралардан кийин машыгууга катышкан кемелердин командирлерине видеоконференция аркылуу кайрылды. Ийгиликтүү машыгуунун ишке ашырылгандыгын белгилеген Акар : «Машыгуу жана башка иштерибиз түрк деңиз күчтөрүнүн укук жана кызыкчылыктарыбызды коргоодо  чечкиндүү жана муну аткара ала турган күчтө»,- деди.

Түркия менен Грециянын ортосундагы карым  - катнаштарга токтолгон Акар : «Греция менен болгон карым  - катнаштарыбызда эл аралык мыйзамга сый көрсөтүп жана туруктуу жакшы коңшулук карым  - катнаштарын жактайбыз. Учурдагы маселелерибиздин тынчтык жолу менен чечилишин каалайбыз»,- деди.

Ушунун негизинде диалогдун маанисин баса белгилеген Акар : «Диалог тууралуу коңшубуз жай кадам таштап жатат. Бир аз дагы активдүү болууларын күтүп жатабыз»,- деди.

Грек тараптын провокациячыл аракеттери жана сөздөрүнүн карым - катнаштарга терс таасирин тийгизгенин баса белгилеген улуттук коргоо министри : «Түркия катары  тынчтык үчүн ар дайым бир кадам алдыда болобуз. Мындан эч ким шектенбесин. Максатыбыз Эгей деңизинин бардык байлыктарынын адилеттүү түрдө бөлүшүлүшү, Эгей  деңизинин достук деңизи болушу. Биз бул үчүн аракет кылабыз. Коңшубуз Грецияга чын көңүлдөн сунган бул достук колубузду кабыл алууларын каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар