"Көгүлтүр мекен - 2022" машыгуусу башталды
Кара деңиз, Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 21 - апрелге чейин улана турган машыгууга 122 кеме жана 41 учак менен 12 миң кызматкер катышууда.
Деңиз күчтөрү командирлигинин эң чоң машыгууларынан бири болгон «Көнүлтүр мекен - 2022» (Mavi Vatan - 2022) үч деңизде башталды.
Кара деңиз, Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 21 - апрелге чейин улана турган машыгууга 122 кеме жана 41 учак менен 12 миң кызматкер катышууда.
Машыгуу директору жана деңиз операцияларынын төрагасы контр-адмирал Юсуф Акйүз Кожаелинин Гөлжүк деңиз командирлигине караштуу Деңиз согуш борбору командирлигинде өткөрүлгөн пресс-конференцияда машыгуу тууралуу маалымат берди.
Машыгууга катыша турган элементтердин билимин жогорулатууну максат кылгандарын баса белгилеген Акйүз машыгууга 10 фрегат, 6 корвет, 17 тез кайгуул кайыгы, 11 суу астындагы кеме, 8 мина уулоочу кеме,32 жардамчы класс кемеси, 1 сыноо жана машыгуу кемеси, 25 десанттык кеме менен жалпы 122 кеменин катышкандыгын билдирди.
Акйүз машыгуу учурунда негизги деңиз кыймылынын түрлөрүнө карата операциялык даярдык машыгуунун жүргүзүлөрүн, жогорку ылдамдыктагы өнүккөн учкучсуз учуучу аппараттары менен суу үстүндө аба буталарынын атыларын, кризис жана операция сценарийлерин камтыган көп корунучтуу чөйрөдө операциянын Кара деңиз, Эгей деңизи жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде бир учурда аткарыларын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Түркиянын калкынын 15,1 пайызын жаштар түзүүдө
Түркиянын статистикалык мекемеси 2023 - жылдын жаштар боюнча статистикасын жарыялады.
Президент Эрдоган менен Казакстандын президенти телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Түркия менен Казакстандын карым - катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.