"Явуз" бургулоо кемеси ишин аткаруу үчүн эртең узатылат

«Явуз» кемесинин биринчи милдети Түркали-2 скважинасында деңиз түбүнө чоң башкаруу системаларын жайгаштыруу болот.

1808799
"Явуз" бургулоо кемеси ишин аткаруу үчүн эртең узатылат

«Явуз» бургулоо кемеси эртең Кара деңиздеги жаратылыш газ өндүрүшүнүн биринчи жана эң маанилүү баскычы болгон чоң башкаруу системаларын деңиз түбүнө жайгаштыруу үчүн Сакария газ талаасындагы Түркали-2 скважинасына барат.

Тürkiye нефтилери акционердик өнөктөштгүгү TPAOнун инвентарындагы «Явуз» бургулоо кемесинин  Түркали  - 2  скважинадагы ишин баштоосу менен Тürkiyeнин үч бургулоочу кемеси Кара деңизде биринчи жолу бир убакта иш алып барат.

Азыркы учурда «Фатих» кемеси изилдөө бургулоосун ишке ашырып, «Кануни» кемеси да Түркали скважиналарында толук бүтүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Явуз» кемесинин биринчи милдети Түркали-2 скважинасында деңиз түбүнө чоң башкаруу системаларын жайгаштыруу болот.

Деңиз түбүнө жайгаштырыла турган жабдык "christmas tree"  деп аталган бул системалар скважинадагы жаратылыш газын өндүрүүнү баштоо үчүн биринчи жана эң маанилүү кадам. Бул процесстин ар бир скважина үчүн  орто эсеп менен 45 кундө аякташы пландаштырылууда.

 



Тектеш кабарлар