Эрдоган Өзбекстандын "Жаңы Өзбекстан" гезити үчүн макала жазды

Эрдоган макаласында Азиянын жүрөгүндөгү гео  - стратегиялык абалы, бай жаратылыш булактары жана түшүмдүү жерлери менен Өзбекстандын аймагында  жана аймак тышында да маанилүү роль ойной ала турган өлкө экенин баса белгиледи.

1803802
Эрдоган Өзбекстандын "Жаңы Өзбекстан" гезити үчүн макала жазды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Өзбекстан менен карым -  катнаштарды бардык тармактарда өнүктүрүүнүн тарых жүктөгөн жоопкерчилик экендигин айтты. Президент Эрдоган Өзбекстанда жарыяланган «Жаңы Өзбекстан» гезити үчүн макала жазды.

Эрдоган макаласында Азиянын жүрөгүндөгү гео  - стратегиялык абалы, бай жаратылыш булактары жана түшүмдүү жерлери менен Өзбекстандын аймагында  жана аймак тышында да маанилүү роль ойной ала турган өлкө экенин баса белгиледи.

Өзбекстандын президенти Шавкат  Мирзиеевдин реформа саясаттары бир гана өз өлкөсүндө эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияда байкалып жатканын белгилеген Эрдоган : «Өзбекстандын Афганистандагы гуманитардык кыйынчылыктарды жеңилдетүү үчүн жол башчылык ролун кубаттайбыз. Афганистанга гуманитардык жардам жеткирилишинде  Термез шаарынын БУУ менен бирге башка бардык эл аралык уюмдар үчүн логистикалык борбор болушун колдойбуз.  Өзбекстандын Борбордук Азияда жана анын тышында түзүүнү каалаган бейкуттук менен туруктуулук зонасынын алкагында алдыга чыгарган байланыш концепциясына биз да маани бергендигибизди баса белгилегим келет»,- деди.

Түрк ишкерлеринин Өзбестанда кол койгон долбоорлордун сыймыктануунун себеби экендигин жана эки тараптуу сооданын да түртүүчү күчүн түзгөндүгүн белгилеген Эрдоган : «Түркия Азия кылымында байыркы континент менен карым  -  катнаштарын «Кайрадан Азия» деген ураан менен колго алган бул мезгилде боордош Өзбекстан менен карым  - катнаштарыбыздын бардык тармакта өнүктүрүлүшүн арабыздагы өзгөчө байланыштардын жана тарыхтын биздин мойнубузга жүктөгөн жоопкерчилиги катары көрүүдөбүз.

Боордош  Өзбекстан менен келечегибизди бирдикте куруу аракетибиздин бардык адамзатка бакубатчылык алып келет деп ишенебиз. Бири бирибизге болгон урмат – сый жана ишенимдин негизинде өнүккөн кызматташуубуздун ылдамдык менен өнүгүшүн каалоо менен элимдин атынан өзбек боордошторубузга чын жүрөгүмдөн салам берем»,- деди.

 



Тектеш кабарлар