«Явуз» бургулоочу кемеси Кара деңизде маанилүү миссиясын баштайт

Дөнмез, долбоорду көзөмөлдөө кеңсесинде жетекчилер менен жабык эшик артында жыйын өткөрдү.

1799770
«Явуз» бургулоочу кемеси Кара деңизде маанилүү миссиясын баштайт

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, «Явуз» бургулоочу кемесинин 4-апрелде Кара деңизде маанилүү миссиясын баштай турганын айтты.

Зонгулдакта курулуп жаткан Фильос жаратылыш газын кайра иштетүү объектилериндеги иштерди кароо үчүн шаарга барган Дөнмез, долбоорду көзөмөлдөө кеңсесинде жетекчилер менен жабык эшик артында жыйын өткөрдү.

Жыйындан кийин билдирүү жасаган Дөнмез, ушул убакка чейин болжол менен 8 бургулоонун аяктаганын айтты.

Бир гана кудук ачуунун жетиштүү эмес экенин, аны өндүрүшкө даярдоо үчүн да иш-аракеттердин жүрүп жатканын билдирген Дөнмез: «Учурда «Явуз» бургулоочу кемебиз портто. 4-апрелден тарта ал орчундуу миссияда болот. Бүгүн эртең менен ири жүк ташуучу учак менен биринчи кудуктун башына орнотула турчу, суу астындагы агымды жана басымды башкара турган «christmas tree» деп аталган жабдыктар Түркияга келди. Аны мүмкүн болушунча тез арада Фильоско ташыйбыз деп үмүттөнөм. «Явуз» бургулоо кемебизге жайгаштырабыз жана кудуктун башына алып барып суу астындагы роботтор менен анын кураштырабыз. Бул долбоордо технология жагынан дүйнөнүн эң алдыңкы технологияларды колдононуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар