Дүйнөлүк басма сөз 1915 Чанаккале көпүрөсү тууралуу жазды

Азия менен Европаны бириктирген 1915 Чанаккале көпүрөсүнүн кечээ ишке кириши дүйнөгө кеңири таасир жаратты.

1798431
Дүйнөлүк басма сөз 1915 Чанаккале көпүрөсү тууралуу жазды
erdogan canakkale kopru.JPG
canakkale kopru.jpg

Американын CNN Travel интернет сайты «Түркия Европа менен Азиянын ортосундагы рекорддук көпүрөнү ачты» деген макала жарыялады.

Кабарда  президент Режеп Таййип Эрдогандын 2002 - жылдан бери аэропорттон темир жолго, туннелдерден босфор көпүрөлөрүнө чейин көптөгөн долбоорлорго кол койгону баса белгиленди. Кабарда көпүрөнүн «дүйнөдөгү  ортонку аралыгы эң узун көпүрө» экени белгиленди.

Американын Associated Press маалымат агенттиги «Түркия Азия менен Европаны бириктирген гигант көпүрө курду» деген баш сөз менен «1915 Чанаккале көпүрөсүнүн» ачылганын жарыялады.

ABC News телеканалы көпүрөнүн архитектурасы символдорго толгонуна басым жасады.

Кабарда  түрк желегинин түстөрүн да ташыган көпүрөнүн 2023 метрдик ортонку аралыгы Республиканын 100 жылдыгын символдоштурганы белгиленди.

Англиянын The Independent гезити «Түркия Европа менен Азияны бириктирген чоң көпүрө курду» деген кабарына кеңири орун берди.

Француз гезити Sud-Ouest  «Дүйнөнүн эң узун асма көпүрөсү Түркияда ачылды» деп жазган.

L'Express гезити : «Дүйнөдөгү эң узун асма көпүрөнүн ачылышы Чанаккале жеңишинин 107 жылдыгында өткөрүлдү»,-деди.

«Beijing Journal» гезити көпүрөнүн өтүү убактысын 1 сааттан 6 мүнөткө кыскартуу менен жыл сайын энергия керектөө жана көмүр кычкыл газын чыгаруу жагынан 415 миллион евро үнөмдөлө турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар