Түркия - Бириккен Араб Эмирликтери жыйыны

Р. Т. Эрдогандын Бириккен Араб Эмирликтерине карата сапарынан мурда «Келечекке карата көз караш : Түркия - БАЭ кызматташтыгы» деген темада жыйын өткөрүлдү.

1777553
Түркия  -  Бириккен Араб Эмирликтери жыйыны

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан президент Р. Т. Эрдогандын Бириккен Араб Эмирликтерине карата сапарынан мурда «Келечекке карата көз караш : Түркия - БАЭ кызматташтыгы» деген темада жыйын өткөрүлдү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда онлайн режиминде өткөрүлгөн жыйында акыркы мезгилде Түркия жана БАЭ карым – катнаштарынын дагы да өнүктүрүлүшү,  түрдүү тармактардагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу жагдайлары сүйлөшүлдү. Түркиянын Перс булуңу аймагына жана Жакынкы Чыгышка карата кызматташуу жана өнүгүүгө негизделген тышкы саясатына көңүл бурулган жыйында Түркия менен БАЭнин саясий жана экономикалык күч катары аймактагы маанилүү актерлор экени баса белгиленди.

Жыйында коопсуздук, коргонуу өнөр жайы жана экономикалык тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү менен бирге геостратегиялык өзгөрүүлөрдүн аймактык коопсуздукка тийгизген таасири жана эки өлкөнүн аймактагы тынчтык менен  ырааттуулукка кошо турган салымы талкууланды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын  директору Фахреттин Алтун жыйынга  баа берип, жыйындын  акыркы убактарда эки өлкөнүн ортосунда күч алган карым – катнаштардын жогорку деңгээлге чыгуусуна себеп болорун,  көптөгөн маселелердин тереңирээк талкууланганын, келерки мезгилге жарык чача турган жыйынтыктарга жетишилгендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар