SunExpress Европа каттамдарына жаңыларын кошту

SunExpress жайкы программасынын алкагында Европадагы учуу тармагына жаңы багыттарды кошконун жарыялады.

1771433
SunExpress  Европа каттамдарына  жаңыларын кошту

Түрк аба жолдору  менен Германиянын улуттук авиакомпаниясы Lufthansaнын биргелешкен ишканасы SunExpress жайкы программасынын алкагында Европадагы учуу тармагына жаңы багыттарды кошконун жарыялады.

SunExpress тарабынан берилген маалыматта,  компания апрель айынан тарта Анталья менен жаңы багыттары Рига жана Таллиндин ортосунда  өз ара түз каттамдарын баштайт.

Өткөн күндөрдө  апрель айынан тарта жумасына 7 каттам менен Вильнюс каттамдарынын башталарын билдирген  SunExpress учуу желесине эки Балтика шаарын да кошту.

Берилген маалыматка караганда, ушул жайда Латвиянын борбору Рига жана Эстониянын борбор шаары Таллин SunExpressтин кеңейген европалык тармагына кошулууда.

Бул жаңы каттамдардын ачылышы авиакомпаниянын өсүү стратегиясына берилгендигинин жана түрк туризминин күчтүү калыбына келерине болгон ишениминин бир көрсөткүчү болуп саналууда.

SunExpress жумасына алты каттам менен Ригага жана жумасына 7 каттам менен Вильнюс жана Тиллинге каттамдарды сунуштайт.



Тектеш кабарлар