Алтундун жаңы китеби: «Глобалдык хаос доорунда стабилдештирүүчү күч-Түркия»

Алтундун китеби; Глобалдык система кандайдыр бир баш аламандыкты башынан өткөрүп жаткан учурда Түркиянын тезистери жана анын стабилизатор жана тартипти түзүүчү ролун түшүндүрөт.

1763272
Алтундун жаңы китеби: «Глобалдык хаос доорунда стабилдештирүүчү күч-Түркия»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун тарабынан англис тилинде жазылган «Глобалдык хаос доорунда стабилдештирүүчү күч-Түркия» (Türkiye as a Stabilizing Power in an Age of Turmoil) аттуу китеби жарык көрдү.

Алтундун китеби; Глобалдык система кандайдыр бир баш аламандыкты башынан өткөрүп жаткан учурда Түркиянын тезистери жана анын стабилизатор жана тартипти түзүүчү ролун түшүндүрөт.

Түркиянын глобалдык системада ойногон ролу жана акыркы 20 жылда кабылган кыйынчылыктары талдоого алынган китепте президент Режеп Таййип Эрдогандын тышкы саясат көз карашынын негизги параметрлери да ортого салынган.

Китепте эл аралык системанын тынымсыз кризистерди жаратып жатканына көңүл бурулуп, системанын тынчтык жана ырааттуулукту камсыз кылуудан кыйла алыс экени белгиленген.

Алтун китебинде аймактык кагылышуулар, миграция, киреше бөлүштүрүүдө адилетсиздик менен бирге азыр кибер кылмыштуулук, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экологиялык кырсыктар, ачарчылык жана эпидемиялар сыяктуу жаңы коркунучтардын пайда болгонуна көңүлдөрдү бурду.

Алтундун китеби Түркия менен катар Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жана Англияда окурмандардын назарына сунушталган.



Тектеш кабарлар