Эрдоган менен Жонсон телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Түркия менен Британиянын ортосунда башта коргоо өнөр жайы жана соода болгон бардык тармактарда кызматташууну бекемдей турган кадамдар талкууланды.
1762952
Президент Р. Т. Эрдоган кечээ Британиянын премьер - министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Түркия менен Британиянын ортосунда башта коргоо өнөр жайы жана соода болгон бардык тармактарда кызматташууну бекемдей турган кадамдар талкууланды.
Сүйлөшүүдө өзгөчө Сирия менен Украинадагы абалдар менен климат жана качкындар маселелери менен аймактык, глобалдык маселелер да каралды.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.